Абеге кол салуу аракети

Абэ Синдзого ок тийди.

1853485
Абеге кол салуу аракети

Япониянын мурдагы премьер-министри Абэ Синдзо Нара шаарында катышкан иш-чарада ок тийип жараланды.

Япониянын NHK коомдук телеканалы, Абэнин шаарда Либерал-демократиялык партиянын талапкеринин шайлоо өнөктүгүн колдоо үчүн ачык асман алдындагы иш-чарада сүйлөп жатканда көкүрөгүнө ок тийгенин билдирди.

Канга боёлгон мурунку премьер-министр дароо ооруканага жеткирилди.

Оор жаракат алган Абэнин ден соолугунун туруктуу экени айтылды.

Кол салган адам окуя болгон жерден качып кете электе колдонгон куралы менен бирге кармалды.

Кол салууну колго жасалган эки ооздуу курал менен ишке ашырган 41 жаштагы кол салуучу Ямагами Тецуянын Деңиз күчтөрүнүн мурунку мүчөсү экени кабарланды.

2012-2020-жылдары премьер-министрлик кызматты аркалаган Абэ өлкөнүн эң узак кызмат кылган премьер-министри болгон. Абэ ден соолугуна байланыштуу кызматтан эки жыл мурун кеткен.



Тектеш кабарлар