ДССУ мындан ары маймыл чечеги көрсөткүчтөрүн эки апта сайын жарыялайт
Дүйнө жүзү боюнча маймыл чечеги вирусунан 3 адамдын каза болгону кабарланды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) дүйнө жүзү боюнча маймыл чечеги вирусунан 3 адамдын каза болгонун билдирди.
Уюмдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 1-январдан 4-июлга чейин эпидемиялык жана эпидемиялык эмес өлкөлөрдө маймыл чечеги оорусунун жайылышы боюнча маалыматтар жаңыланды.
Билдирүүдө, ДССУнун 5 аймагындагы 59 өлкөдөн 6 миң 27 учурдун жана маймыл чечеги оорусунан 3 өлүмдүн ырасталганы белгиленди.
Көптөгөн өлкөлөрдө көбөйгөн учурлар дүрбөлөң жараткандыктан, ДССУ мындан ары маймыл чечеги оорусунун учурларына байланыштуу көрсөткүчтү 2 апта сайын жаңылай турганын жарыялады.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору доктор Тедрос Аданом Гебреисус: «Учурларды тест менен аныктоодо дагы деле кыйынчылыктар бар жана көп сандаган учурлар расмий түрдө каттала элек болушу мүмкүн»,-деген эле.