Панамада маймыл чечегинин биринчи учуру катталды

Панаманын саламаттыкты сактоо министри Луис Франсиско Сукре пресс-конференцияда бул учурдун 30 жаштагы эркек бейтапта аныкталганын билдирди.

1852462
Панамада маймыл чечегинин биринчи учуру катталды

Борбордук Америка өлкөсү Панамада маймыл чечегинин биринчи учуру катталды.

Панаманын саламаттыкты сактоо министри Луис Франсиско Сукре пресс-конференцияда бул учурдун 30 жаштагы эркек бейтапта аныкталганын билдирип: «Кооптонуунун кереги жок, маймыл чечегинин өтө жугуштуу эместиги жана өлүмгө алып келбей турганы белгилүү»,- деди.

Бейтаптын изоляцияда экенин белгилеген Сукре жарандардан этият болуусун суранды.



Тектеш кабарлар