Лавров: «Украинадагы жарандардын өлүмүнө Батыш жооптуу»

Вьетнамдын борбору Ханойго иш сапары менен барган Сергей Лавров Вьетнамдын тышкы иштер министри Буй Тхань Сон менен жолугушкандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1852781
Лавров: «Украинадагы жарандардын өлүмүнө Батыш жооптуу»

 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Донбасста жана Украинанын башка аймактарында жайкын тургундардын өлүмүнө Батыш жооптуу экенин билдирди.

Вьетнамдын борбору Ханойго иш сапары менен барган Сергей Лавров Вьетнамдын тышкы иштер министри Буй Тхань Сон менен жолугушкандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Батыш өлкөлөрүнүн Украинадагы согуштан улам Орусияга санкция киргизгенине көңүл бурган Лавров, Вьетнамдын аталган санкцияларга катышпаганын жана муну баалагандарын айтты.

Орусиянын Белгород жана Курск шаарларына кол салуусу темасына да токтолгон Лавров, Украина башкаруучулугунун «Батыш өлкөлөрүнүн Украинага курал ташуусун токтотуу үчүн орус армиясы өз шаарларына сокку урду» деген сөздөрүнө баа берди.

Лавров: «Алар калп айтып жатышат. Бул тууралуу фактылар белгилүү жана аларды Орусиянын Коргоо министрлиги күн сайын көрсөтүп турат»,-деп айтты.

Орусиянын министри, «Батыш өзгөчө Донбасс аймагында жана Украинанын башка аймактарында жайкын тургундардын өлүмү үчүн жоопкерчиликтүү экенин түшүнүшү керек. Киев администрациясы бул жерде карапайым калкка каршы Батыш жеткирген курал-жарактарды коркутуп-үркүтүү каражаты катары колдонууда. Бул мамлекеттик терроризм»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар