Бельгияда маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны үч эсеге көбөйдү

Бельгияда маймыл чечеги оорусунун биринчи учуру 19-майда катталган.

1852875
Бельгияда маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны үч эсеге көбөйдү

Бельгияда маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны бир айдын ичинде үч эсеге көбөйүп 52ден 168ге жетти.

Sciensano Коомдук Саламаттыкты сактоо Улуттук Институтунун маалыматы боюнча, бир айга жетпеген убакытта Бельгияда маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны үч эседен ашты.

Июнь айынын ортосунда 52 болгон учурлардын саны 168ге жетти.

Бельгияда маймыл чечеги оорусунун биринчи учуру 19-майда катталган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 1-июлдагы билдирүүсүндө, Европада акыркы 2 аптада маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын саны үч эсеге көбөйүп, учурлардын саны кеминде 4500гө жеткенин кабарлаган.



Тектеш кабарлар