Иранда холера оорусу

Ушул убакка чейин Иран боюнча 37 кишиде холера аныкталганы жана каза болгондордун жок экени айтылды.

1852075
Иранда холера оорусу

Иранда 37 адамдын холера оорусуна чалдыкканы кабарланды.

Ирандын расмий кабар агенттиги IRNAга маалымат берген Саламаттыкты сактоо министрлигинин азык-түлүк жана суу аркылуу жугуучу оорулар бөлүмүнүн башчысы Мерйем Месудифер, коңшу өлкөлөрдө катталган холера оорусунун Иранга жайылышын алдын алуу үчүн гигиеналык эрежелердин сакталышы керектигин айтты.

Месудифер ушул убакка чейин Иран боюнча 37 кишиде холера аныкталганын жана каза болгондордун жок экенин айтты.

Холерага шектелген бейтаптарга кам көрүү жана дарылоо боюнча улуттук көрсөтмөлөр Саламаттыкты сактоо илимдери университеттерине жеткирилгенин айткан Месудифер: «Бул оору ичүүчү таза суунун жетишсиздигинен жана канализация системасынын туура эмес орнотулушунан келип чыгат жана өтө жугуштуу. Ооруга чалдыккандардын көбүндө оорунун белгилери байкалбайт же болбосо жеңил белгилер байкалат, бирок кээ бир учурларда бейтаптардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн»,-деди.

Акыркы убактарда Ирактын түндүгүндөгү Эрбил, Сүлеймание жана Керкүк шаарларында холера учурлары катталып, 21-июнда Керкүктө бул дарттан бир кишинин каза болгону кабарланган.



Тектеш кабарлар