Иранда абанын булганышы

Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнө караганда, өлкөнүн батыш бөлүгү абанын булганышы менен күрөшүп жатат.

1851947
Иранда абанын булганышы

Иранда абанын булганышынан улам 62 адам дарыланып жатса, айрым мектептерде жана мамлекеттик мекемелерде эс алуу күнү жарыяланды.

Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнө караганда өлкөнүн батыш бөлүгү, Ирак жактан катуу шамал алып келген чаң катмарларынан пайда болгон абанын булганышы менен күрөшүп жатат.

Абанын булганышынан улам Исфахан провинциясынын 16 шаарында, мамлекеттик мекемелерде жана мектептерде, ошондой эле Хузестан жана Йезд провинцияларында эс алуу күндөрү жарыяланды.

Хузестандын Ахваз шаарындагы Саламаттыкты сактоо илимдер университетинин билдирүүсүнө караганда, абанын булганышынан улам дем алуусу начарлап ооруканаларга кайрылган 500дөн ашуун кишинин 62си дарыланып жатат.



Тектеш кабарлар