Иран тышынан банк системасына кирүүгө убактылуу бөгөт койду

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин кабарына караганда, өлкөнүн банк системасына сырттан кирүү убактылуу токтотулду.

1852096
Иран тышынан банк системасына кирүүгө убактылуу бөгөт койду

Ирандын кибер чабуулдарды алдын алуу үчүн өлкөнүн тышынан банк системасына кирүүгө убактылуу бөгөт койгону маалымдалды.

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин кабарына караганда, өлкөнүн банк системасына сырттан кирүү убактылуу токтотулду.

Чектөөлөрдүн кибер коркунучтарды алдын алуу үчүн бийликтин кеңеши менен ишке ашырылганына көңүл бурулган кабарда башка маалымат берилген жок.

Акыркы жылдарда Израиль айыпталган бир катар кибер чабуулдарга кабылган Иран да Израилге каршы кибер чабуулдарды уюштуруу менен айыпталууда.

Иран айыпталып жаткан кибер чабуулдардын акыркысы Израилде жайгашкан "Check Point Research" кибер коопсуздук фирмасы тарабынан 14-июнда жарыяланды. Билдирүүдө фишингдик чабуулда Израилдин мурдагы тышкы иштер министри Ципи Ливни жана АКШнын Тель-Авивдеги мурдагы элчиси баш болгон жогорку даражалуу Израиль жана АКШнын расмий адамдарынын бутага алынганы жана ирандык  экендиги болжолдонгон хакерлердин айрым жтекчилердин электрондук кат алышууларын колго алгандыгы билдирилген.  

Иранда 27-июнда Хузистан провинциясында өлкөдөгү эң ири болот өндүрүү ишканаларынын бирине кибер чабуул жасалып, чабуулдан кийин компанияга тиешелүү үч объектте өндүрүштүн токтотулганы жарыяланды.



Тектеш кабарлар