АКШда майрамда болгон кол салууда 6 киши каза болду
Каза болгондордун жана жабыркагандардын саны көбөйөт деп кооптонууда.
1851831
Америка Кошмо Штаттарынын Иллинойс штатында 4-июль Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурундагы куралдуу кол салууда 6 киши каза болуп, 24 киши жараланды.
Highland Park полициясы Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган парадда белгисиз кол салуучунун куралдуу кол салуусунда 6 кишинин каза болгонун, 24 кишинин жараланганын билдирди.
Каза болгондордун жана жабыркагандардын санынын көбөйүшүнөн тынчсыздануулар болууда.