Орусиянын чабуулдары уланып жатат

Конашенков Орусия менен Украинанын ортосунда 4 айдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан согушта орус армиясынын кыймылдарына байланыштуу борбор шаар Москвада билдирүү жасады.

1851635
Орусиянын чабуулдары уланып жатат
rusya ukrayna.jpg

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украинада согуш башталган 24-февралдан бери 230 учак жана 706 көп стволдуу ракета аткычтардын жок кылынганын билдирди.

Конашенков Орусия менен Украинанын ортосунда 4 айдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан согушта орус армиясынын кыймылдарына байланыштуу борбор шаар Москвада билдирүү жасады.

Украина армиясынын бардык багыттар боюнча «олуттуу» жоготууларга учураганын белгилеген Конашенков, Харьковдогу 200гө жакын украин аскери жана 19 техниканы камытган бөлүктөр жайгашкан убактылуу борбордун жогорку тактыктагы курал менен аткыланганын айтты.

Конашенков Донецк облусунда украин күчтөрүнүн 7 штабы, 2 ок-дары сактоочу кампасы жана «Град» көп стволдуу ракета аткыч батареясы жок кылынганын, акыркы 24 саатта «Су-25» үлгүсүндөгү согуштук учактар ​​менен 8 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнүн белгиледи.

Украина күчтөрүнө таандык 11 даана "Ураган" көп стволдуу ракета аткычтар колго түшүрүлгөнүнө көңүл бурган Конашенков: «Украинада бүгүнкү күнгө чейин 230 учак, 134 тик учак, 1448 учкучсуз учуучу аппарат, 353 абадан коргонуу ракеталык системасы, 3 миң 904 танк жана бронетехника, 706 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 84 гаубица жана минометтор, 4 миң 2 атайын аскердик техника жо кылынды»,-деди. 



Тектеш кабарлар