Орус окумуштуусу мекенге чыккынчылык боюнча кармалды

Окуя тууралуу Колкердин жакындары социалдык тармактарда билдирүү жасашты.

1851058
Орус окумуштуусу мекенге чыккынчылык боюнча кармалды

Орус окумуштуусу Димитрий Колкер Кытай менен кызматташкан деген айып менен камакка алынды.

Орусиядагы Новосибирск мамлекеттик университетинин кванттык оптика лабораториясынын башчысы, физика-математика доктору Димитрий Колкер Кытайдын чалгын кызматына мамлекеттик жашыруун маалыматтарды бергени айтылууда.

Окумуштуу мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен кармалган.

Окуя тууралуу Колкердин жакындары социалдык тармактарда билдирүү жасашты.

Колкердин уулу атасы Кытайдагы эл аралык конференцияда окуган лекциялары үчүн кармалганын жүйө келтирди. Ал ошондой эле курстун мазмунун Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы ФСБ тарабынан көзөмөлдөнгөнүн айтты.

Димитрий Колкер рактын 4-стадиясында жеке клиникада дарыланып жаткан учурда камакка алынганы айтылды.

Эгерде окумуштуунун күнөөсү далилденсе, ал 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.



Тектеш кабарлар