Филиппиндерде Фердинанд Маркос ант берди
Би-Би-Синин кабарына караганда, Маркос Улуттук музейдин имаратында өткөрүлгөн ант берүү аземи менен кызматка киришти.
Филиппиндин президенти болуп шайланган Фердинанд Маркос өлкөнүн 17-президенти катары ант берди.
Би-Би-Синин кабарына караганда, Маркос Улуттук музейдин имаратында өткөрүлгөн ант берүү аземи менен кызматка киришти.
Ант берүү аземи үчүн Филиппиндердин борбор шаары Манилада 15 миң коопсуздук кызматкери милдеттендирилди.
2016 - жылдагы шайлоодо вице - президенттик кызматын Лени Робредого алдырган Маркосмай айындагы шайлоодо 58 пайыздык катнаш менен преидент болуп шайланган.
Маркос жалпы өлкөдө 31 миллиондон ашуун добуш алып президент болуп шайланып, Филиппиндердин тарыхында элдин көпчүлүк бөлүгү тарабынан шайланган биринчи президент болду.
Учурдагы президент Родриго Дутертенин кызы Сара Дутерте-Карпио 61,25 пайыз добуш менен вице-президент болуп шайланды.
Сара Дутерте үчүн 20 - июнда ант берүү аземи өткөрүлгөн.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.