АКШлык сенатор Түркияга F-16лардын сатылышын колдойт
Линдси Грэм Твиттердеги билдирүүсүндө: «(Президент Жо) Байден жетекчилигинин НАТОдогу маанилүү өнөктөшүбүз Түркияга F-16ны сатууну колдоо чечимине оң көз караштамын»,-деди.
АКШда республикачыл сенатор Линдси Грэм Түркияга F-16лардын сатылышын колдогондугун билдирди.
Линдси Грэм Твиттердеги билдирүүсүндө: «(Президент Жо) Байден жетекчилигинин НАТОдогу маанилүү өнөктөшүбүз Түркияга F-16ны сатууну колдоо чечимине оң көз караштамын»,-деди.
Көз караштагы айырмачылыктарга карабастан Түркиянын НАТОнун маанилүү шериктеши экенине көңүл бурган Грэм: «Бул абал Түркиянын улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына кызмат кылат»,-деп баа берди.
Грэмдин билдирүүсүндө: «Түркиянын авиациялык мүмкүнчүлүктөрүн жаңыртуу Түркияга, АКШга, НАТОго жана аймактык коопсуздукка пайда алып келет» деген сөздөр камтылды.
АКШнын Улуттук Коргоо департаментинин Эл аралык коопсуздук иштери боюнча кеңешчиси Селесте Уолландер, Түркиянын жаңы F-16ларды сатып алуу жана учурдагы F-16ларды модернизациялоо талабына баа берип: «Америка Кошмо Штаттары Түркиянын F-16 флотун модернизациялоо пландарын толугу менен колдойт»,-деп айткан.