Олаф Шольц Швеция менен Финляндиянын НАТОго кабыл алуу келишиминен ыраазы

Олаф Шольц гуманитардык жана каржылык жардамдан тышкары Украинага дагы көп курал-жарак жеткирүүгө убада берди.

1849803
Олаф Шольц Швеция менен Финляндиянын НАТОго кабыл алуу келишиминен ыраазы

Германиянын канцлери Олаф Шольц Швеция менен Финляндияны НАТОго кабыл алуу жөнүндөгү келишимди ыраазычылык менен кабыл алды.

Бул тууралуу канцлер Шольц Испаниянын Мадрид шаарында өткөн НАТОнун саммитинде билдирип : «Биз үчүн абдан маанилүү. Эки өлкө тең союздаштыгыбызга шайкеш»,- деди.

Олаф Шольц гуманитардык жана каржылык жардамдан тышкары Украинага дагы көп курал-жарак жеткирүүгө убада кылып : «Украинанын өзүн коргоосу үчүн муну көпкө улантабыз»,- деди.

Германиянын коргоо министри Кристин Ламбрехт өлкөсүнүн Украинага дагы 3 Panzerhaubitze 2000 үлгүсүндөгү өзү жүрүүчү гаубица жеткире турганын билдирди.

Ламбрехт өзгөчө НАТОнун жогорку даярдыктагы күчүнө Германиянын 15 миң аскер менен жардам берерин жарыялады.

Немис армиясынын запастарынан ушул убакка чейин 40 километрге чейин уча турган бул оор артиллериялык унаалардын 7си Украинага жеткирилди.



Тектеш кабарлар