Макрон Россиянын согушта жеңбеши керектигин айтты

Германиянын Бавария аймагындагы Эльмау сарайында өткөрүлгөн Чоң жетиликтин лидерлер саммитинин акыркы күнүндөгү пресс - жыйынында сөз сүйлөгөн Макрон Россия - Украина согушуна токтолду.

1849705
Макрон Россиянын  согушта жеңбеши керектигин айтты

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Россиянын согушта жеңбеши керектигин айтты.

Германиянын Бавария аймагындагы Эльмау сарайында өткөрүлгөн Чоң жетиликтин лидерлер саммитинин акыркы күнүндөгү пресс - жыйынында сөз сүйлөгөн Макрон Россия - Украина согушуна токтолду.

Россиянын согушта жеңбеши керектигин билдирген Макрон, Украинага колдоо көрсөтүү менен катар Россияга каршы санкциялардын алдыдагы апталарда улана турганын айтты.

Макрон Чоң жетиликтин саммитинде Украинаны кайра куруу процессин да талкуулашкандарын билдирди.

Макрон : «Кечээ түштөн кийин Кременчукта соода борборуна Россиянын кол салгандыгын  уктук. Баарыбыз бирдикте бул согуштук кылмышты катуу айыптадык»,- деп орус армиясынын жарандарга кол салгандыгын айтты.

Макрон Ковид  - 19  жана Россия  -  Украина согушунун өлкөлөрдүн экономикаларына  тийгизген таасирине жана бул жараткан тынчсызданууларга байланыштуу азыркы абалда жогорку инфляция сыяктуу абалдар менен күрөшүү үчүн Г 7 өлкөлөрү катары макро бюджет жана макро каржы саясаттарын координациялоолору керектигин белгиледи.

Макрон орус газына карата альтернативдер боюнча алдыга жылууну улантуулары керек экенин, бирок көмүртектүү энергия булактарын жана электр энергиясын өндүрүүнү тездетүү керектигин айтты.

Азык-түлүк жана айыл-чарбаны жакшыртуу демилгесине да токтолгон Макрон сөзүндө  Г 7нин Африкада азык-түлүк өндүрүшүн көбөйтүү үчүн иштей турганын билдирди.

Украинадагы дандардын тышка чыгарылышы керектигин баса белгилеген Макрон дандардын Одесса портторунан деңиз жолу аркылуу чыгаруу үчүн БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриштин ортомчулукту баштагандыгын эске салды. Мунун эң башта Россия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүүлөрдү талап кылгандыгын айткан Макрон : «Бирок билгениңиздердей Кара деңизде коопсуздук жактан атайын бир ролу болгон Түркияны да камтууда»,- деди.

Макрон келерки жумаладар же айларда согуштун акырына чыгышын эч кимдин ойлобогондугун, жылдын акырында бүтөрүнөн үмүт кылып жаткандыгын айтты.



Тектеш кабарлар