Мадриддеги төрттүк саммиттин биргелешкен билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Финляндиянын президенти Саули Ниинистё, Швециянын премьер-министри Магделена Андерссон жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг төрт тараптуу жыйында жолугушту.

1849416
Мадриддеги төрттүк саммиттин биргелешкен билдирүүсү

Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн төрттүк саммитте Түркия каалаганына жетишти.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Финляндиянын президенти Саули Ниинистё, Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг төрт тараптуу жыйында жолугушту.

Жабык эшик артында өткөн жолугушуудан кийин Түркия каалаганын алуу менен олуттуу ийгиликтерге жетишти.

Түркия, Швеция жана Финляндиянын ортосунда Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүк процесстерине байланыштуу үч тараптуу меморандумга тышкы иштер министрлери кол коюшту.

Биргелешкен билдирүүдө «Финляндия менен Швеция бардык террордук уюмдар тарабынан Түркияга карата жасалган кол салууларды ачык жана так айыптайт. Финляндия менен Швеция ПКК жана башка бардык террордук уюмдар менен тиешелүү адамдардын иш-аракеттерине бөгөт коюуну убада кылат»,-деп айтылды.

Билдирүүдө аты аталган үч өлкөнүн террордук уюмдардын иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында кызматташтыкты арттыруу чечимине келгени, Финляндия менен Швециянын Түркия тарабынан берилген маалыматтарды, далилдерди жана чалгындоолорду эске алуу менен террорчулукка шектелген адамдарды депортациялоо же өткөрүп берүү талаптарын тез арада ишке ашыра тургандары, ПКК менен бардык өнөктөштөрүнүн акча чогултуу жана жалдоо иштерине байланыштуу иликтөө баштап аларга тыюу сала тургандары белгиленди.

Биргелешкен билдирүүдө НАТОнун ачык эшик саясатын колдогондугун ырастаган Түркиянын, Мадрид саммитинде Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө колдоосун айтканы маалымдалды.

Финляндия менен Швециянын келечектеги НАТО шериктештери катары ПЙД/ЙПГ жана Түркияда ФЕТӨ катары аныкталган уюмга колдоо көрсөтпөй тургандары, Швециянын 1-июлдан тарта жаңы жана дагы эффективдүү Террордук кылмыштар мыйзамын күчүнө киргизе турганы айтылды. 

Билдирүүдө Түркия, Финляндия жана Швециянын мындан ары алардын ортосунда эч кандай улуттук курал эмбаргосу жок экенин тастыкташканы кабарланды.



Тектеш кабарлар