Колумбияда абакта өрт чыкты

Колумбиянын Тулуа шаарындагы бир абакта туткундар көтөрүлүш чыгаруу үчүн баштаган өрттө 52 киши каза болду.

1849473
Колумбияда абакта өрт чыкты

Колумбиянын Тулуа шаарындагы бир абакта туткундар көтөрүлүш чыгаруу үчүн баштаган өрттө 52 киши каза болду. 

Жетекчилер өлкөнүн Валле-дель-Каука административдик аймагындагы Тулуа түрмөсүндө чыккан көтөрүлүш жана өрттө ушул кезге чейин 52 кишинин каза болгондугун, 30 кишинин жаракат алгандыгын белгиледи.

Колумбия улуттук абактар институту INPECтин директору Тито Кастелланос өрттүн таңга жуук 180 туткун болгон 8 -  бөлүмдө туткундардын төшөктөрдү өрттөөсү менен чыккандыгын билдирди. 

Кастелланос : "Күзөтчүлөр өрттү өчүрүү үчүн аракет кылышты. Бирок жетиштүү болгон жок",- деди. 

Полиция жана өрт өчүргүчтөр кийлигишкен өрт азырынча көзөмөлгө алына албады. Айланада кенен түрдө коопсуздук чаралар көрүлдү. 

Бул тууралуу президент Иван Дуке өзүнүн Twitter баракчасынан билдирип : "Валле-дель-Кавкадагы Тулуа түрмөсүндө болгон окуялар үчүн кечирим сурайбыз. Мен INPECтин башчысы Тито Кастеллонос менен байланыштамын. Бул коркунучтуу абалдын ачыкка чыгышы үчүн жолдомо бердим. Каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнүн кайгысын бөлүшөм",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар