Гриппке каршы вакцина алгандардын альцгеймер оорусуна чалдыгуу коркунучу аз

Nature World Newsтын маалыматына караганда, АКШдагы Хьюстон университетинин Техас саламаттыкты сактоо илим борборунун илимпоздору гриппке каршы вакцина менен альцгеймер оорусунун ортосундагы байланышты изилдешти.

1849689
Гриппке каршы вакцина алгандардын  альцгеймер оорусуна чалдыгуу коркунучу аз

Гриппке каршы вакцина алган адамдардын альцгеймер оорусуна чалдыгуу коркунучу 40 пайызга төмөн.

Nature World Newsтын маалыматына караганда, АКШдагы Хьюстон университетинин Техас саламаттыкты сактоо илим борборунун илимпоздору гриппке каршы вакцина менен альцгеймер оорусунун ортосундагы байланышты изилдешти.

Изилдөөдө вакцина алган жана вакцина албаган 935 миңден ашуун 65 жаштан жогору кишилердин маалыматтарына анализ жүргүзүлдү.

Эмгектин негизинде 4 жыл көзөмөлгө алынган кишилердин вакцина алгандарынын 5,1 пайызынын, вакцина албагандардын 8,5 пайызынын деменцияга байланыштуу оорулар белгиленди.

Адистер гриппке каршы вакцина алган кишилердин вакцина албаган кишилерге салыштырганда альцгеймер оорусуна кабылуу коркунучунун 40 пайызга азайгандыгын айтышты.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматтарына караганда жалпы дүйнөдө альцгеймер менен жашаган 55 миллиондон ашуун киши бар.

Альцгеймер нейродегенеративдик оору катары аныкталат,  күнүмдүк иш-аракеттердин азайышы жана когнитивдик жөндөмдүүлүктөрдүн бузулушу менен мүнөздөлөт, нейропсихиатриялык симптомдор жана жүрүм-турумдун өзгөрүшү менен коштолот.

 

 



Тектеш кабарлар