Орусия АКШнын 25 жаранына санкция киргизди

Санкция тизмесине АКШ президенти Жо Байдендин жубайы Жилл Байден менен кызы Эшли Байден да киргизилди.

1849273
Орусия АКШнын 25 жаранына санкция киргизди

Орусия АКШнын (АКШ) президенти Жо Байдендин жубайы жана кызы да арасында болгон 25 америкалык жаранга санкция киргизүү чечимин чыгарды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, АКШнын орусиялык саясий адистерге жана коомдук ишмерлерге каршы санкцияларын тынымсыз кеңейтип жатканы белгиленди.

Буга жооп катары АКШнын 25 жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынып, бул ысымдардын тизмеси жарыяланды.

Тизмеге Орусияга каршы санкция киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыккан “Макфол-Ермак” тобунун мүчөлөрү, сенаторлор жана университеттин кызматкерлери кирди.

Санкция тизмесине АКШ президенти Жо Байдендин жубайы Жилл Байден менен кызы Эшли Байден да киргизилди.



Тектеш кабарлар