Иорданияда уулуу газ: 12 адам каза болду

Кырсыкта иорданиялык жана чет элдиктер да арасында болгон 12 кишинин каза тапканы, 260 кишинин жаракат алганы, 123 кишинин болсо ооруканаларда дарылангандыгы кабарланды.

1848962
Иорданияда уулуу газ: 12 адам каза болду

Иорданиянын Акаба портунда жүктөө учурунда оодарылып кеткен цистернанын жарылуусунан улам жайылган уулуу газдан 12 киши каза болуп, 260 киши жаракат алды.

Иорданиянын Улуттук коопсуздук жана кризисти башкаруу борборунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Акаба портунда уулуу газты камтыган цистерна кулап, жарылганда газ агып чыкканы белгиленди.

Билдирүүдө кырсыкта иорданиялык жана чет элдиктер да арасында болгон 12 кишинин каза тапканы, 260 кишинин жаракат алганы, 123 кишинин болсо ооруканаларда дарылангандыгы кабарланды.

Портто газдын жайылышынан кийин жарандык коргонуу бөлүмүндө иштеген кооптуу жүк адистери окуя болгон жерде керектүү иликтөөлөрдү жүргүзүп, жарылуудан кийин аймактын эвакуацияланганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар