Украинада орус армиясынын жоготуулары

Орусия менен Украинанын ортосунда 4 айдан ашык убакыттан бери уланган согуштагы абал тууралуу маалымат берилди.

1848672
Украинада орус армиясынын жоготуулары

Украина 24-февралдан бери уланып жаткан согушта каза болгон орус аскерлеринин санынын 35 миңге жеткенин кабарлады.

Башкы штабдын билдирүүсүндө Орусия менен Украинанын ортосунда 4 айдан ашык убакыттан бери уланган согуштагы абал тууралуу маалымат берилди.

Буга ылайык бүгүнкү күнгө чейин Украинанын аймагында каза болгон орус аскерлеринин саны 35 миңге жетти.

Мындан тышкары орус армиясына таандык 1552 танк, 3 миң 687 бронетехника жана 2 миң 575 унаа, 771 артиллериялык система, 243 көп стволдуу ракета аткычтар жана 101 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орусияга таандык 217 согуштук учак, 184 тик учак жана 636 учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлдү.

Украинанын Луганск аймагындагы Северодонецк шаарын ээлеген орус күчтөрүнүн артиллериялык системалардын колдоосу менен Лисичанск шаарын түштүк тараптан тосууга аракет кылганы белгиленди.

Аты аталган шаар менен Волчояровкадагы аскердик жана жарандык инфраструктураларга абадан кол салуу жасалганы кабарланды. 

Ошондой эле орус армиясынын Украинанын Одесса аймагына ракеталык чабуул жасаганы, бул кол салууда 6 кишинин жаракат алганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар