Батыш Шериада 2 палестиналык жараланды

Рамалланын Эль-Мугайир айылынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Эмин Эбу Уля, Рамалланын түндүгүндөгү Турмусая кыштагында ондогон жөөт отурукташуучунун палестиналык 5 таш устага кол салганын айтты.

1848223
Батыш Шериада 2 палестиналык жараланды

Басып алынган Батыш Шериада жөөт отурукташкандары 2 палестиналыкты жаралап, экөөнүн унааларын өрттөштү.

Рамалланын Эль-Мугайир айылынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Эмин Эбу Уля, Рамалланын түндүгүндөгү Турмусая кыштагында ондогон жөөт отурукташуучунун палестиналык 5 таш устага кол салганын айтты.

Жөөт отурукташуучулардын кол салуусунда палестиналык Халид Зыктын да жараланганын белгилеген Эбу Уля, отурукташуучулардын эки палестиналык унааны да өрттөгөнүн, өрттөлгөн унаалардын биринин ээсин да жаралаганын айтты.

Отурукташуучулар тарабынан унаасы өрттөлгөн палестиналык Мухаммед Ариф, Турмусая айылына жакын жердеги Шило отурукташкан жеринен келген отурукташуучулардын Палестина башкаруучулугунун көзөмөлүндөгү аймакта ага жана досторуна кол салганын айтты.

60ка жакын жөөт отурукташуучунун кол салуусуна дуушар болгонун белгилеген Ариф, отурукташуучулардын биринин алар иштеп жаткан курулуш машинасынын үстүнө чыгып, алгач унаасына зыян келтиргенин, андан соң унааны өрттөгөнүн белгиледи.



Тектеш кабарлар