Бангладеште болгон селде жалпы 75 киши каза болду
Өлкөнүн түндүк - чыгышында жана Сурма дарыясынын жээгинде жайгашкан Силхет шаары селден эң көп жапа чеккен аймактардын арасында орун алды.

Бангладеште катуу жааган жамгырдан улам 5 кишинин дагы каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 73кө жетти. Өлкөнүн түндүк - чыгышында жана Сурма дарыясынын жээгинде жайгашкан Силхет шаары селден эң көп жапа чеккен аймактардын арасында орун алды.
Силхет шаарынын жогорку мартабалуу кызматкери М. Можибур Рахман байланыш линияларынын кесилиши жана транспорттун кыйынчылыгынан улам аймакка алып барууга аракет кылынган жардамдардын үзгүлтүккө учурап жаткандыгын айтты.
Бир гана Силхет үчүн 1400 тонна күрүч жана 13 миң кургак азык - түлүк жардамы менен 3 миллион долларга жакын накталай акча жардамы бөлүнгөндүгүн белгилеген Рахман селден таасирленген башка шаарларга да ушундай жардамдардын берилип жаткандыгын айтты.
Тектеш кабарлар

Тайвань аралдын айланасында Кытайга таандык согуштук учак менен кеменин көрүнгөнүн билдирди
Бул тууралуу Тайвандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта орун алды.

Сербияда Экинчи дүйнөлүк согуштан калган замбиректин огу табылды
Борчадагы жол куруу иштеринде табылган замбиректин огу зыянсыздандырылды.