Американын ракеталык системалары Украинада
Украинанын коргоо министри Алексей Резников АКШ жөнөткөн артиллериялык ракета системаларынын (HIMARS) өлкөсүнө келгендигин билдирди.
Украинанын коргоо министри Алексей Резников АКШ тарабынан жөнөтүлгөн жогорку натыйжалуу артиллериялык ракета системаларынын (HIMARS) өлкөсүнө келгендигин билдирди.
Алексей Резников бул тууралуу Twitter баракчасында маалымат берип : «Жогорку натыйжалуу артиллериялык ракета системалары Украинага келди. Бул үчүн кесиптешим жана досум, АКШнын коргоо министри Ллойд Остинге ыраазычылык билдирем. Быйылкы жай орус аскерлери үчүн ысык болот, айрымдары үчүн акыркысы болот»,- деди.
АКШнын президенти Жо Байден 1-июнда Украинага өнүккөн ракеталык системаларды камтыган 700 миллион долларлык жаңы аскердик жардам пакетин бекиткенин жарыялаган. Сөз болуп жаткан пакетте жогорку натыйжалуу артиллериялык ракета системалары да бар.
Орто аралыкка учуучу жогорку натыйжалуу артиллериялык ракета системасы орус армиясын согушта олуттуу түрдө эскиртип, анын жүрүшүн жайлатышы мүмкүн экени айтылууда.
Тектеш кабарлар
Израилдик министр: "Газа жок кылынсын"
Безалел Смотрих, Согуш Кеңешинин жыйынынан кийин X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.