Орусиянын кол салууларынан украиналык 324 бала каза болду
Украинанын Башкы прокуратурасы билдирүү жасады.
1846772
![Орусиянын кол салууларынан украиналык 324 бала каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6a61/90c3/6229/62920ad8b0031.jpg?time=1718852427)
Орусиянын Украинага кол салууларында 324 бала каза болду.
Украинанын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө орус армиясынын Украинага жасаган кол салууларынын натыйжасында 324 баланын каза болгондугу, 592 баланын да жаракат алгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө Донецк облусунда 307, Харьков облусунда 175, Киев облусунда 116, Чернигов облусунда 68, Луганск облусунда 54, Херсон облусунда 52, Николайев облусунда 48, Запорожье облусунда 30 жана Суми облусунда 17 баланын каза болгондугу маалымдалды.
Башкы прокуратура ошондой эле Орусиянын чабуулдарынан Украинада кеминде 2052 билим берүү мекемеси жабыркап, 210унун толугу менен талкаланганын кабарлады.