Финляндиянын премьер-министри Марин Загребде кесиптеши Пленкович менен жолугушту

Жолугушуудан кийин билдирүү жасаган Марин НАТОнун бирдиктүү болушу керектигин, Финляндия менен Швециянын НАТОну узак мөөнөткө күчтүү кыла турганын айтты.

1846611
Финляндиянын премьер-министри Марин Загребде кесиптеши Пленкович менен жолугушту

Финляндиянын премьер-министри Санна Марин Түркиянын өлкөсү менен Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө каршы чыгышына байланыштуу көйгөйдүн НАТО саммитине чейин чечилээрине ишенгенин айтты.

Санна Марин расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Хорватиянын борбор шаары Загребде кесиптеши Андрей Пленкович менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин билдирүү жасаган Марин НАТОнун бирдиктүү болушу керектигин, Финляндия менен Швециянын НАТОну узак мөөнөткө күчтүү кыла турганын айтты.

Марин бир суроо боюнча НАТОго мүчөлүгүнө Түркиянын каршы чыгуусунан улам пайда болгон көйгөйдүн Испаниянын борбор шаары Мадридде 28-29-июнда боло турган НАТО саммитине чейин чечилерине ишенгенин белгилеп, чечүүчү жолдун НАТОнун ачык эшик саясаты менен келерин ойлогондугун билдирди.

Пленкович болсо өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүк жолунда Финляндияны колдогонун баса белгилеп: «Биз Финляндиянын НАТОго кошулуу чечимин сыйлайбыз. Финляндия менен Швеция дагы НАТОнун коопсуздук чатырын каалашат. Хорватия НАТОнун азыркы дүйнөдө канчалык маанилүү экенин жакшы билет. Финляндиянын болсо Орусия менен чек арасы бар»,-деди.

Эки премьер-министр ошондой эле Украинага Европа Биримдигине (ЕБ) талапкер өлкө макамын берүү керектиги боюнча макулдашканын билдиришти.

Хорватиянын президенти Зоран Миланович менен да жолугушкан Марин Албания жана Түндүк Македонияга барды.



Тектеш кабарлар