Эрдоган-Гутерриш сүйлөшүүсү

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик пресс-конференцияда суроолорго жооп берди.

1846510
Эрдоган-Гутерриш сүйлөшүүсү

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) президент Режеп Таййип Эрдоган менен БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин «Украинадагы учурдагы согуштан жабыркаган аймактардан дүйнөлүк рынокко эгин экспорттоо жолдорун» талкуулагандарын билдирди.

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик пресс-конференцияда суроолорго жооп берип: «Дүйшөмбү күнү Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен баш катчы Антонио Гутерриш телефон аркылуу сүйлөштү»,- деди.

Дюжаррик: «Бул сүйлөшүү эгин темасына жана согуштан жапа чеккен аймактардагы эгинди дүйнөлүк рынокко кантип жеткирүүгө болоруна багытталды. Сүйлөшүүлөр абдан агрессивдүү жүрүп жатат, бирок мен бул үчүн мөөнөт бере албайм»,-деп айтты.

Батыш өлкөлөрү Украинадагы оккупацияны токтотпогон Москва өкмөтүнө каршы олуттуу экономикалык санкцияларды киргизүүнү чечкен эле.

Орусиянын Украинага жасаган чабуулунан улам дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө дан кризиси болууда, анткени жүк ташуучу кемелер 24-февралдан бери Украинанын портторунан чыга албай жатат.



Тектеш кабарлар