Владимир Зеленский Африка Биримдигине  видеоконференция аркылуу катышты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Африка континентинин Россиянын өлкөсүнө 24 -  февралда баштаган согуштун «барымтасы» экендигин айтты.

1846210
Владимир Зеленский Африка Биримдигине  видеоконференция аркылуу катышты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Африка континентинин Россиянын өлкөсүнө 24 -  февралда баштаган согуштун «барымтасы» болгондугун айтты.

Владимир Зеленский видеоконференция аркылуу Африка Биримдигине  кайрылып, Россия - Украина согушу менен Африкада пайда болгон азык-түлүк кризисине байланыштуу маалымат берди.

Согуштун Африка континентинен миңдеген километр алыста болгонуна карабастан континентте азык -  түлүк бааларынын олуттуу түрдө жогорулагандыгын белгилеген Зеленский мунун жооптуусу Россия экендигин айтты.

Зеленский бүткүл дүйнөдө азык  - түлүк бааларынын өскөндүгүн бирок өзгөчө Африка өлкөлөрүнүн бул абалдан дагы көп таасирленгендигине басым жасады.

Азык  - түлүк кризисинин Россиянын «колониялык» кол салуулары токтомоюнча улана бере тургандыгын баса белгилеген Зеленский Украинанын чек араларынан тышка чыгара албаган 25 миллион тонна дан үчүн жаңы бир логистикалык чынжыр түзүүгө аракет кылгандыгын билдирди.

Украина лидери : «Портторубузду бөгөттөн чыгаруу үчүн көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз бирок азырынча алдыга жылуу боло элек анткени Россиянын портторго карата кол салууларына бөгөт койо турган бир механиз таба албадык»,- деди.

Африка менен карым  - катнаштарды өнүктүрүүнү каалагандыгын да белгилеген Зеленский : «Африка Россиянын Украинага карата баштаган согуштун барымтасы болду»,- деди.

Украинанын Африка атайын өкүлүнүн жакында кызматын баштай тургандыгын жарыялаган Зеленский Украина  -  Африка ортосунда кенен катышуучу болгон саясий жана экономикалык конференция өткөрүү сунушун да билдирди.

Африка Биримдигинин төрагасы Маки Салл да Твиттерден берген билдирүүсүндө Зеленскийге ыракмат айтып, Африканын эл аралык мыйзамга, кагылышуулардын тынчтык жол менен чечилишине жана соода эркиндигине сый көрсөтүү убадасын уланткандыгын айтты.

Африка Биримдигинин Комиссия төрагасы Мусса Факи Махамат да Твиттерден аймакта тынчтык жана глобалдык туруктуулуктун  кайрадан түзүлүшү үчүн чукул диалогго муктаждыктын бар экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар