Орусиялык журналист Нобель сыйлыгын украиналык балдар үчүн сатты
Heritage Auctions кечээ АКШнын Нью-Йорк шаарында Муратовдун Нобель сыйлыгын аукционго чыгарды.
2021-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгына татыган орусиялык журналист Дмитрий Муратов украиналык качкын балдар үчүн өз сыйлыгын 103,5 миллион долларга сатты.
Аукцион үйү Heritage Auctions кечээ АКШнын Нью-Йорк шаарында Муратовдун Нобель сыйлыгын аукционго койду.
Орус журналист Муратов тарабынан украиналык балдардын жыргалчылыгы үчүн сатыкка коюлган 2021-жылдагы Нобель Тынчтык сыйлыгы 103,5 миллион долларга алуучу тапты.
Муратов сатуудан кийинки билдирүүсүндө: «Мен тилектештикти күткөнмүн, бирок мынчалык чоң болот деп күткөн эмесмин»- деди.
Сыйлыктан түшкөн каражаттын Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) аркылуу украиналык качкын балдарга жумшала турганы белгиленди.
Орус журналисти Муратов 103,5 миллион долларга саткан Нобель сыйлыгы 2014-жылы 4,74 миллион долларга сатылган Жеймс Уотсондун сыйлыгынан ашып бул жаатта рекорд койду.
Heritage Auctions сатып алуучунун аты-жөнүн билдирген жок.
Муратов 1993-жылы орусиялык "Новая газета" гезитинин негиздөөчүлөрүнүн бири эле.
Нобель комитети «Новая газета бүгүнкү күндө Орусиянын эң көз карандысыз гезити болуп саналат жана өкмөттү түп-тамырынан бери сындайт», - деп маалымдаган болчу.