Кабулда храмга кол салуу болуп эки киши каза болду

Афганистандын борбору Кабулдагы сикх храмына жасалган  куралдуу кол салууда эки киши каза болду.

1845219
Кабулда храмга кол салуу болуп эки киши каза болду

Афганистандын борбору Кабулдагы сикх храмына жасалган  куралдуу кол салууда эки киши каза болду.

Талибан башкаруусунун Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Нафи Такур басма сөзгө берген маалыматында эртең менен Кабулдун Карте-и Перван аймагындагы сикх храмына бомба жана куралдуу кол салуу жасалганын айтты.

Операциянын натыйжасында кол салгандардын таасирсиз абалга келтирилгенин белгилеген Такур кол салууда бир сикх жана бир талибан мүчөсүнүн каза болгонун белгиледи. Кол салууда 7 кишинин жараланганын белгилеген Такур кол салуунун натыйжасында храмдын бир бөлүгүнүн күйүп кеткени тууралуу маалыматты бөлүштү.

Кол салуудан улам ибадаткананын айланасындагы үйлөргө да зыян келтирилген.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, кол салуу сикх дининин өкүлдөрү ибадатканада  азем өткөрүп жаткан учурда болгон. 

Талибан күчтөрү храмга кирген бардык проспектилерди унааларга жапты. Кол салуунун жоопкерчилигин эч ким монга ала элек. 

2020-жылдын март айында ДЕАШ террордук уюмунун Кабулдун Шор Базар аймагындагы сикх храмына жасаган куралдуу кол салуусунда 25 киши каза болгон.

 

 



Тектеш кабарлар