Украина : "Орус кемесин аттык"
Кемеде "ТОР" абадан коргонуу системасынын да бар экендиги белгиленди.
1845075
Украинанын деңиз күчтөрү Кара деңизде Россияга таандык ок - дары, курал жана аскерлерди ташыган кеменин атылгандыгын билдирди.
Украианын деңиз күчтөрүнүн фейсбук баракчасынан берилген маалыматка караганда Жылан аралына ок - дары, курал жана аскер ташыган Россиянын Кара деңиз флотуна караштуу "Василий Бех" буксир кемеси Кара деңиз сууларында атылды.
Кемеде "ТОР" абадан коргонуу системасынын да бар экендиги белгиленди.
Маалыматта алгачкы кабарларга караганда экипаждын 70 пайызынын атылгандыгы, калган бөлүгүнүн абалы белгисиз экендиги билдирилди.