Пакистанда катуу жамгыр: 5 адам каза болду
Катуу жааган жамгыр жана шамалдын кесепетинен Лахордун Фирузпур районунда бир үйдүн чатыры урап түштү.
1844692
Пакистандын Лахор шаарында нөшөрлөгөн жамгыр жана шамалдын кесепетинен бир үйдүн чатыры кулап 5 киши каза тапты, 1 киши да жаракат алды.
Улуттук маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, катуу жааган жамгыр жана шамалдын кесепетинен Лахордун Фирузпур районунда бир үйдүн чатыры урап түштү.
Окуяда 5 адам каза болуп, 1 адам жаракат алды.
Бир тараптан катуу жааган жамгырдан улам шаар боюнча электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.
Тектеш кабарлар
Конгодо сел: 10 адам каза болду
Басанкусу кыштагында 2 күндөн бери катуу жааган жамгырдан кийин сел жүрдү.