Мексикада ресторанга кол салуу болду
Кол салууда 4 киши каза болуп, 1 киши оор жаракат алды.
1844701
Мексикада ресторанга кол салган куралчан кишилер 4 адамды өлтүрүштү.
Мексикалык басылмалардын маалыматына караганда, өлкөнүн түндүгүндөгү Чиуауа шаарында куралчан кишилер ресторанда тамактанып жаткан топко кол салышты.
Кол салууда экөөсү аял 4 киши каза болуп, 1 киши оор жаракат алды.
Окуяга күбө болгондор, кол салууну 7 адам оор куралдар менен жасаганын билдиришти.
Коопсуздук күчтөрү кол салгандарды кармоо үчүн кеңири масштабдуу иликтөө иштерин баштады.