АКШдан Орусияга дан эскертүүсү

АКШнын айыл чарба министри бидирүү жасады.

1844671
АКШдан Орусияга дан эскертүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) айыл чарба министри Том Вилсак, Орусияны украин эгиндерин “курал” катары колдонбоого, портторду ачууга жана согушту токтотууга чакырды.

Том Вилсак Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) штаб-квартирасында өткөн маалымат жыйында, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы жана жеткирүү чынжырындагы көйгөйлөр, климаттын өзгөрүшү жана Орусиянын Украинага 24-февралда баштаган согуштун глобалдык азык-түлүк коопсуздугу боюнча тынчсызданууларды арттырганына көңүл бурду.  

АКШнын дан өндүрүшүн көбөйтө турганын, жер семирткичти колдонуу жана өндүрүүгө 500 миллион доллар инвестиция салууну пландап жатканын айткан Вилсак, азык-түлүк бааларынын өсүшүнө өлкөлөрдүн эгин запасы боюнча так көрсөткүчтөрүнүн жоктугу да себеп болгонун билдирди.

АКШнын азык-түлүк жана жер семирткичтерге санкция киргизбегенин белгилеген Вилсак, Орусияны украин данын «курал» катары колдонбоого, портторду ачууга жана согушту токтотууга чакырды.

Украинадагы согуштан улам порттордо 20 миллион тонна эгиндин күттүрүлгөнүн маалымдаган Том Вилсак, ушул себептен Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы ыктымалдуу ачарчылыктын аймакта ыраатсыздыкка алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Кара деңиз аркылуу Украина данынын экспорттолушуна карата БУУнун планы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеген Вилсак, түрк бийлигинин сүйлөшүүлөрдү олуттуу түрдө жүргүзүп жатканын жана Орусиядан да ушундай олуттуулукту күтүшкөнүн кошумчалады.



Тектеш кабарлар