Европа Биримдигинин Орусияга каршы санкция пакетинин максаты

Молдова сапары учурунда билдирүү жасаган Эммануэль Макрон «согуштун Европа континентине кайтканын» белгилеп, бул абалдын Молдова, аймак жана Европа үчүн коркунуч туудурганына көңүл бурду.

1844163
Европа Биримдигинин Орусияга каршы санкция пакетинин максаты

Франциянын президенти Эммануэль Макрон (ЕБ) Европа Биримдигинин Орусияга каршы бекиткен 6 санкция пакетинин «согушту согушпастан токтотуу» деген маанини билдиргенин айтты.

Молдова сапары учурунда билдирүү жасаган Эммануэль Макрон «согуштун Европа континентине кайтканын» белгилеп, бул абалдын Молдова, аймак жана Европа үчүн коркунуч туудурганына көңүл бурду.

Макрон: «Бир канча жүз километр алыстыкта ​​Украинада болуп жаткан окуялар баарыбыздын туруктуулугубузга коркунуч туудуруп, жашообузга жана экономикабызга олуттуу кесепеттерди алып келүүдө,-деди.

Евробиримдиктин Москвага карата ушул убакка чейин бекиткен 6 санкция пакети менен Орусиянын Украинага карай уланган агрессиясынын чыгымын чыдагыс абалга келтирүүнү максат кылганын белгилеген Макрон, мунун «согушту согушпастан токтотуу» дегенди билдиргенин маалымдады.

Орусиянын коңшусу Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузууну тандаганын айткан француз лидери: «Биз Украинаны буга чейинкидей эле колдоону улантышыбыз керек. Орусия өзүнүн чабуулун мындан ары улантууну элестете албашы үчүн биз өз ишенимибизди бекемдешибиз зарыл»,- деди.



Тектеш кабарлар