Түркия-Греция мамилелери
Кирякос Мицотакис Грециянын мамлекеттик телеканалы ERTге берген маегинде Түркия менен болгон карым-катнаштарга жана берки тышкы саясат темаларына сереп салды.
Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис президент Режеп Таййип Эрдоган менен кайрадан жолугуп сүйлөшүү керектигин айтты.
Кирякос Мицотакис Грециянын мамлекеттик телеканалы ERTге берген маегинде Түркия менен болгон карым-катнаштарга жана берки тышкы саясат темаларына сереп салды.
Премьер-министрлик кызматында Түркия-Грекия карым-катнаштарында көптөгөн олку-солкулуктарга күбө болгонун айткан Мицотакис март айында Стамбулда президент Эрдоган менен өткөргөн жолугушуусуна байланыштуу: "Эрдоган менен жолугушуум чындап жакшы маанайда өттү. Мен да макулдашылгандай чыңалууну токтотуп, эки өлкөнүн ортосундагы оң күн тартибине көңүл бурабыз деп күткөн элем",-деди.
Мицотакис Түркия жана түрк эли менен туруктуу, жакшы коңшулук мамилелерди түзүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирип: "Түркия жана түрк калкы менен маселенин болушу мүмкүн эмес»,- деп айтты.
Түркия менен Грециянын ортосунда аянтта эмес, дискурста чоң тирешүү бар экенине көңүл бурган Кирякос Мицотакис, Эрдоган менен кайрадан жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу: "Биз жолугуп сүйлөшүшүбүз керек",-деди.