Андерссон : "Түркия менен диалогду улантууну чыдамсыздык менн күтүп жатам"

Магдалена Андерссон Финляндиянын премьер  - министри Санна Марин жана Норвегиянын премьер  - министри  Йонас Гар Стор Швециянын Сёдерталье шаарында актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн жолугушту.

1843418
Андерссон : "Түркия менен диалогду улантууну чыдамсыздык менн күтүп жатам"

Швециянын премьер  -  министри Магдалена Андерссон өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүк процесси тууралуу маселе чечилгенге чейин Түркия менен диалогду улантууну чыдамсыздык менен күткөндүгүн айтты.

Магдалена Андерссон Финляндиянын премьер  - министри Санна Марин жана Норвегиянын премьер  - министри  Йонас Гар Стор Швециянын Сёдерталье шаарында актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн пресс  - жыйында сөз сүйлөгөн Андерссон Түркия менен Швециянын ортосундагы НАТО сүйлөшүүлөрүнө токтолду.

НАТОго мүчөлүк процессинде аракеттердин улантылып жаткандыгын белгилеген Андерссон : «Финляндия менен бирдикте аракет кылуудабыз. Маселе чечилгенге чейин Түркия менен диалогду улантууну чыдамсыздык менен күтүп жатам»,- деди.

Марин да Испаниянын борбор шаары Мадридде айдын акырында боло турган НАТО саммитинен мурда маселенин чечилишинин маанилүү экендигин баса белгиледи.

Эки жуманын ичинде чечилбесе процесстин токтоп калуу коркунучунун бар экендигин белгилеген Марин : «Азыркы учурда бир ылдамдоо бар, бул процессте алдыга жылуубуз маанилүү. Маселелерге олуттуулук менен карайбыз жана диалог курууну улантабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар