Шарль Мишель  Батыш Балкандардын Европа Биримдигинин стратегиялык алдыңкылыгы экендигин айтты

Мишель расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Черногориянын борбор шаары Подгорицада президент Мило Жуканович менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйыны өткөрүлдү.

1843280
Шарль Мишель  Батыш Балкандардын Европа Биримдигинин стратегиялык алдыңкылыгы экендигин айтты

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель  Батыш Балкандардын Европа Биримдигинин стратегиялык алдыңкылыгы экендигин айтты.

Мишель расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Черногориянын борбор шаары Подгорицада президент Мило Жуканович менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйыны өткөрүлдү.

Россияга санкция салуу тууралуу Европа Биримдиги менен шайкеш аракет кылган Черногорияга ыраазычылык билдирген Мишель : «Келишим түзүлгөн  6 санкция пакети менен орус экономикасына кысым жасоону улантабыз. Черногория да Украинадан келген мигранттарга каалгаларын ачты»,- деди. Мишель Черногориянын Европа Биримдигине мүчөлүк жолунда алдыга жылгандыгына көңүлдөрдү буруп : «Батыш Балкандар Европа Биримдигинин  стратегиялык алдыңкылыгы»,- деди.

Жуканович да Батыш Балкандардын туруктуулугунун Европа Биримдигине мүчөлүгү менен бирдей мааниде экендигин белгилеп, өлкөсүнүн укуктун үстөмдүгү жана адилеттүүлүк тууралуу жылыш болушу керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар