Францияда айрандан бактерия табылды

Айран өндүрүүчүсү Мало өлкө боюнча бардык продукциясын кайра чакыртып алууну чечти.

1843198
Францияда айрандан бактерия табылды

Францияда тамак-аш өнөр жайында башталган бактерия кризиси күч алууда.

Пицца, сыр жана шоколаддан кийин айрандан да бактерия табылды.

Айран өндүрүүчүсү Мало, өлкө боюнча бардык продукциясын кайра чакыртып алууну чечти.

Бул чечимдин бир продуктта E.coli бактериясы табылгандан кийин алдын алуу максатында кабыл алынганы жарыяланды.

Компания Илле-эт-Вилендеги фабрикада өндүрүлгөн бардык айран азыктарынын кайра чакыртылып алынганын билдирди.

Текчелерден чыгарылган азыктардын 8-июнда өндүрүлгөнү, жарактуулук мөөнөтү 11-июль экени, кайтарылган продукциянын баасы кардарларга кайтарылып берилери айтылды.

Франциянын тамак-аш өнөр жайындагы бактериялар тууралуу акыркы кабарлар тынчсызданууну жаратууда.

Март айында Buitoni брендинин пицца азыктарынан E.coli бактериялары табылган. Пиццаны жеген эки бала каза болду.

Апрель айында италиялык Ferrero компаниясына тиешелүү шоколад азыктарынан сальмонелла бактериялары табылган.

Бельгияда шоколад өндүрүлгөн фабрика жабылып, продукциялары кайра чакыртылып фирмага каршы иликтөө иштери башталган.

Ошол эле күндөрү сырдан да листерия бактериялары табылганда керектөөчүлөрдөн бактериясы бар сырдын 6 түрүн сатып албоо жана кайтарып берүү талап кылынган.



Тектеш кабарлар