Блинкен - Пак жолугушуусу

Энтони Блинкен Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Пак Жин менен Түндүк Кореянын атомдук жана баллистикалык ракета программасынын аймак үчүн жараткан коркунучу тууралуу пикир алмашты.

1843095
Блинкен  -  Пак жолугушуусу

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен  Түндүк Корея жаңы атомдук курал сынай турган болсо, аймактагы союздаштар менен буга ылдам түрдө жооп кайтаруу үчүн аскердик жайгаштырууларда өзгөртүүлөргө даяр экендерин айтты.

Энтони Блинкен өлкөсүнө келген Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Пак Жин менен борбор шаар Вашингтондо биргелешкен  персс  - жыйын өткөрдү.

Пак  менен экономикалык карым  - катнаштар жана аймактык коопсуздук темаларды карап чыгышкандарын айткан Блинкен Түндүк Кореянын атомдук жана баллистикалык ракета программасынын аймак үчүн жараткан коркунучу тууралуу пикир алышууларда болгондорун билдирди.

АКШнын Түндүк Кореяга карата душмандык ниетинин жок экенин баса белгилеген Блинкен: «Шартсыз диалогго ачыкпыз. Биз Түндүк Кореянын элин, анын ичинде коронавирустун жаңы түрү Ковид-19 вакциналарын колдогубуз келет»,- деди.

Блинкен максаттарынын тынчтык ичинде жана туруктуу бир аймак экендигин белгиледи бирок Ким Чен Ын башкаруусунун бул багыттагы АКШ сунуштарына жооп бербегендигин айтты.

АКШда мурдагы башкаруу мезгилдеринен бери Түндүк Кореянын 6 жолу сыноо өткөргөндүгүн жана 7  - атомдук сыноо үчүн даярдык көрүп жаткандыгына байланыштуу маалыматтар тууралуу тынчсызданып жаткандыгын белгилеген Энтони Блинкен буларды айтты : «Түндүк Корея  мындай сыноолорду уланта берсе ылдам түрдө жооп кайтаруу үчүн Түштүк Корея, өзгөчө Япония жана башка жакын союздаштарыбыз жана өнөктөштөрүбүз менен абдан жакын байланыштабыз. Бардык ыктымалдарга даярданып жатабыз. Аскердик жайгаштырууларыбызда кыска жана узун мөөнөттүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө даярбыз. Атомдук сыноо кооптуу болот. Бул БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечиминде белгиленген эл аралык мызамды ачыкча бузат. Ошондуктан Түндүк Кореяны туруктуулукту буза турган аракеттерден алыс болууга чакырабыз. Түндүк Кореяны олуттуу жана улантууга боло турган дипломатияга киришүүгө чакырабыз жана чындыгында да ушунун негизинде эч бир алдыңкы шартсыз алдыга жылууга даярбыз».

Пак болсо Түндүк Кореянын ыктымалдуу бир атомдук сыноонун эл аралык коомчулуктан катуу жооп ала тургандыгын айтты.

Пак : «Түндүк Корея менен алдыңкы шартсыз диалог каалайбыз. Түндүк Кореяны туруктуулукту буза турган аракеттерди токтотууга жана диалогго кайтууга чакырабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар