АКШ-Кытай мамилелери

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Салливан менен Янгдын Люксембургда эки тараптуу жолугушуу өткөргөндөрү белгиленди.

1842762
АКШ-Кытай мамилелери

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен Кытай Коммунисттик партиясынын (CCP) Борбордук Комитетинин тышкы иштер комиссиясынын директору Янг Циечи өлкөлөрүнүн ортосундагы байланыш каналдарынын ачык болушу керектигин баса белгилешти.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Салливан менен Янгдын Люксембургда эки тараптуу жолугушуу өткөргөндөрү белгиленди.

Аймактык жана глобалдык коопсуздук темаларында «чын ыкластуу, мазмундуу жана жемиштүү жолугушуу» болгонуна көңүл бурулуп, АКШ-Кытай карым-катнашындагы негизги темалардын да сүйлөшүлгөнү маалымдалды.

Билдирүүдө: «Салливан өлкөлөрүбүздүн ортосундагы атаандаштыкты башкаруу үчүн байланыш каналдарын ачык кармоонун маанилүүлүгүн белгиледи»,- деп айтылды.

Салливан менен Янг 14-мартта Римде бетме-бет, 18-майда телефон аркылуу сүйлөшкөн болчу.



Тектеш кабарлар