НАТОнун «Балтопс 22» машыгуусу аяктады

Швециянын 58 миң калкы бар Готланд аралында Түркия менен бирге Швеция жана Финляндия да орун алган 14 НАТО өлкөсүнүн катышуусунда 5-июнда башталган «Балтопс 22» машыгуусу өткөрүлдү.

1841832
НАТОнун «Балтопс 22» машыгуусу аяктады

НАТО тарабынан Швециянын Готланд аралында жүргүзүлгөн жана «Балтика деңизиндеги эң чоң машыгуу» катары бааланган «Балтопс 22» аяктады.

Швециянын 58 миң калкы бар Готланд аралында Түркия менен бирге Швеция жана Финляндия да орун алган 14 НАТО өлкөсүнүн катышуусунда 5-июнда башталган «Балтопс 22» машыгуусу өткөрүлдү.

Машыгууга 45 кеме жана 7800 аскер кызматкери катышты.

Швециянын коргоо министри Петер Хултквист билдирүүсүндө машыгуу учурунда орус согуштук учактарынын аралга жакын учуп машыгуу элементтерин кысымга алууга аракет кылганын жана мунун кабыл алынгыс экенин айтты.

Балтика деңизинин түштүк бөлүгүнүн ортосунда стратегиялык жактан жайгашкан Готланд аралы өзүнүн тарыхында көп жолу басып алынган. Готланд аралы азыркы статусуна 1808-жылы орус аскерлеринин акыркы кыска чабуулунан кийин ээ болгон.



Тектеш кабарлар