Кытай АКШны Тынч океандагы тирешүү боюнча айыптоодо

Министр Вей Сингапурда өткөрүлгөн Шангри-Ла диалог форумунда Кытайдын «Аймактык коопсуздук көрүнүшү» аттуу сөз сүйлөп, АКШнын Индо-Тынч океан стратегиясын сынга алды.

1841736
Кытай АКШны Тынч океандагы тирешүү боюнча айыптоодо

Кытайдын коргоо министри Вэй Фэнхэ Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Азия-Тынч океан аймагындагы Кытайды курчап алуу үчүн конфликт жана конфронтация түзүүнү максат кылып, «көп тараптуулук» деген шылтоо менен атайын чакан топ түзүүгө аракет кылып жатканын билдирди.

Министр Вей Сингапурда өткөрүлгөн Шангри-Ла диалог форумунда Кытайдын «Аймактык коопсуздук көрүнүшү» аттуу сөз сүйлөп, АКШнын Индо-Тынч океан стратегиясын сынга алды.

Кечээ ошол эле форумда сүйлөгөн сөзүндө АКШнын коргоо министри Ллойд Остиндин Кытайга карата айткан сындарын «ушактуу айыптоо жана коркутуулар» деп мүнөздөгөн Вей:«АКШнын Индо-Тынч океан стратегиясы, биздин оюбузча, бул «эркин жана ачык Индо-Тынч океан» деген ат менен атайын чакан топту түзүүгө, тигил же бул өлкөнү бутага алуу учун региондун өлкөлөрүнүн эркин узурпациялоого аракет»,-деди.

Вей эч бир өлкө өз эркин башкаларга таңуулап, көп тараптуулукка жамынып коркутууга тийиш эмес деп билдирди.

Өз сөзүндө Тайвань маселесине токтолгон Вэй Тайвандын Кытайдын бир бөлүгү экенин, анын ички иши жана тышкы кийлигишүү кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.

Кытайдын коргоо министри ошондой эле АКШ бийлигинин Тайвань саясатын сынга алып: «АКШ бирден-бир Кытай өлкөсүнө болгон берилгендигин бузуп, сепаратисттик күчтөрдү колдоодо жана Тайвань мамилелери боюнча мыйзамды колдонуу менен Кытайдын ички иштерине кийлигишүүдө»,-деп өз баасын берди.

АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин кечээги өз сөзүндө АКШнын «бир Кытай» саясатын кармануу менен бирге Тайвандын өзүн коргоо үчүн жетиштүү аскердик потенциалга ээ болушун колдой турганын билдирди.



Тектеш кабарлар