Түрк тектүү француз жараны полициянын кийлигишүүсүндө каза болду

Француз полициясы өткөн жылы камакка алган түрк тектүү жаран Мертер Кескиндин камакта денесине жасалган жогорку басымдан улам  каза болгондугуна байланыштуу көрүнүштөр ортого чыкты.

1841315
Түрк тектүү француз жараны полициянын кийлигишүүсүндө каза болду

Түрк тектүү француз жараны полициянын кийлигишүүсү менен дем жетпей каза болду.

Француз полициясы өткөн жылы камакка алган түрк тектүү жаран Мертер Кескиндин камакта денесине жасалган жогорку басымдан улам  каза болгондугуна байланыштуу көрүнүштөр ортого чыкты.

Франциянын Селестат шаарында 2021 -  жылы январь айында үй  - бүлө ичиндеги зомбулуктан улам полиция кызматкерлери үйгө барганда терезеден секирип качкан бирок жаралуу кармалып ооруканага алып барылбастан камакка алынган 35 жаштагы Кескин камакта полициянын кийлигишүүсү учурунда каза болду.

Ал учурлар видеого алынган кадрларда бир полициянын колдору аркадан байланган Кескинди көмкөрөсүнөн жаткырып кыймыл кылышына тоскоол болуу үчүн денесине чыканагы менен басым жасагандыгы, бөлмөдөгү башка кызматкерлердин да ушуга окшогон мамиле кылгандыгы байкалууда.

Көптөгөн минута үстүнө басым жасалган Кескиндин каршылык көрсөтпөгөндүгү байкалары менен полициялардын тынчсыздануу менен Кескиндин колун өйдө көтөрүп, ылдый түшүргөнүн көрүүгө болот.

Жаткан жерде кыймылсыз жаткан Кескиндин саламаттыкты сактоо топторунун кийлигишүүсү менен каза болгондугу байкалды жана өлүм күнү 2021 -  жыл 13 -  январь саат 05:00 деп катталды.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда Кескиндин деми кыстыгуудан каза болгондугу жана денесинде өзүн коргоого аракет кылгандыгына байланыштуу эч бир издин жок экени белгиленген.

Өзгөчө Кескиндин колдору менен башында жана мойнунда көгала тактардын бар экендиги билдирилген отчетто жабырлануучунун жүрөгү токтоп каза болгондугу билдирилип,  канынан мыйзамсыз заттардын табылганы билдирилди.

Ал күнү полиция пунктунда болгон бир полиция кызматкеринин да Улуттук полициянын тергөө бөлүгүндө берген билдирүүсүндө  Кескиндин полиция пунктуна алып келинген учурда оозунун четинен кан көргөндүгүн, полициялардын жардамы менен бутунда тургандыгын айтты.

Экинчи полиция Кескиндин камакка алып барылганга чейин жүрөгү эки жолу ооругандыгын айтканын, полициялардын бирөөсүнөн бир стакан суу сурагандыгын бирок полициялардын бул каалоосун аткарбагандыгын билдирди.

Үчүнчү полиция да Кескиндин абалынан улам ооруканага алып барылышы керектиги бирок полициялардын убакыт жок деген негиз менен алып барылбагандыгын белгиледи.

Окуя тууралуу коопсуздук директорлугунун тергөөсүнөн кийин прокуратура да экинчи бир тергөө ишин  баштады.



Тектеш кабарлар