Финляндия Россия чек арасына зым тосмо тартат

Тосмо курууга киргизилген өзгөртүүлөрдүн «мүмкүн болушунча тезирээк» күчүнө киргизилиши пландалууда.

1841410
Финляндия Россия чек арасына зым тосмо тартат

Россия менен Украинанын ортосунда жүрүп жаткан согуштан улам Финляндия Россия менен чек арасына зым тосмо тартууну чечти.

CMS Times гезитиндеги кабарга караганда Финляндиянын Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Россия менен Украинанын ортосунда уланып жаткан согуштан улам гибриддик коркунучтардан коргонуу үчүн Россия чек арасындагы коопсуздуктун жогорулатыла турганы белгиленди. .

Москванын мигранттарды саясий кысым көрсөтүү үчүн колдонушу мүмкүн деп кооптонгон Хельсинки Россия менен 1300 чакырымдык чыгыш чек арасына бекем тосмолорду курууну жеңилдеткен мыйзамдык өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландоодо.

Учурда өлкө чек араларында малдардын туура эмес тарапка өтүп кетүүсүнө жол бербөө үчүн жыгач тосмолор колдонулууда.

Тосмо курууга киргизилген өзгөртүүлөрдүн «мүмкүн болушунча тезирээк» күчүнө киргизилиши пландалууда.



Тектеш кабарлар