Орусия рубль төлөм системасын четке каккан өлкөлөргө газ өткөрүүнүн токтотулганын жарыялады

Песков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө орус жаратылыш газынын ташуу үчүн жаңы рубль төлөм системасынын ишке ашырылганын эске салды.

1840719
Орусия рубль төлөм системасын четке каккан өлкөлөргө газ өткөрүүнүн токтотулганын жарыялады

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус жаратылыш газы үчүн рубль төлөм системасын четке каккан өлкөлөргө газ өткөрүүнүн токтотулганын билдирди.

Песков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө орус жаратылыш газынын ташуу үчүн жаңы рубль төлөм системасынын ишке ашырылганын эске салды.

Жогорудагы системаны четке каккан өлкөлөргө жаратылыш газ ташуунун токтотулганын белгилеген Песков: «Жаратылыш газы үчүн рубль төлөм системасынан баш тарткан өлкөлөргө ташуулар токтотулду. Мындан ары кыскартуулар болбойт. Система оңдолуп, иштеп жатат. Газды сатып алгандар Россиянын президентинин тиешелүү токтомдо көрсөтүлгөн жаңы система боюнча иштеп жатышат»,-деди.

Орусиянын энергетикалык фирмасы Газпром дагы Польша, Болгария, Финляндия, Нидерландия жана кээ бир европалык компанияларга рубль менен төлөбөгөндүгү үчүн жаратылыш газын ташууну токтоткон болчу.

23-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин жаратылыш газын сатуу үчүн төлөмдөрдү орус рублине өткөрүү планын жарыялаган.



Тектеш кабарлар