НАТО Жер Ортолук деңизинде машыгуу өткөрдү

НАТО өлкөлөрүнө таандык аскердик кемелер Жер Ортолук деңизинде Японияга таандык кемелер менен биргелешкен машыгуу өткөрдү.

1840713
НАТО Жер Ортолук деңизинде  машыгуу өткөрдү

НАТО өлкөлөрүнө таандык аскердик кемелер Жер Ортолук деңизинде Японияга таандык кемелер менен биргелешкен машыгуу өткөрдү.

НАТОдон берилген маалыматка караганда НАТОнун туруктуу деңиз миссиясы группасы 2нин  (SNMG-2) составындагы түрк жана италиян кемелери TCG Салихреис менен ITS Марготтини 6 -  июнда Япон кемелери JS Кашима жана JS Шимаказе менен деңиз машыгуусун өткөрдү.

Жер Ортолук деңизиндеги миссиянын жүрүшүндө НАТО кемелеринин персоналы жана Япония кемелеринин кызматкерлери өз ара кеме сапарларын ишке ашырышты.

Япон кемелеринин командири адмирал Шукаку SNMG-2 флагманы ITS Марготтининин командири адмирал Мауро Панебянкону JS Кашимада кабыл алды.

Машыгуу жана кеме сапарлары учурунда НАТО менен япон деңиз күчтөрүнүн аткарган иштери тууралуу өз ара маалымат жана тажрыйба алууга мүмкүнчүлүктүн түзүлгөндүгү билдирилди.



Тектеш кабарлар