Россиянын Украинадагы аскердик кыймылдары

Игорь Конашенков Харьков шаарында Украина армиясынын танк жана бронетранспортерлору оңдолгон заводду атышкандарын айтты.

1839910
Россиянын Украинадагы аскердик кыймылдары

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков абадан учурулган жогорку тактыктагы ракеталар менен Харьков шаарында Украина армиясынын танк жана бронетранспортерлору оңдолгон заводду атышкандарын айтты. 

Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

Донбасста Украина армиясынын маанилүү санда аскер, курал -  жарак жана техника жоготкондугун  белгилеген Конашенков бир гана Сятогорск шаарындагы кагылышууларда украин улутчул күчтөрүнөн 300дөн ашуун  кишинин каза болгондугун, 6 танк, 15 бронетехника, 36 артиллериялык батарея жана миномёт, 4 «Град»  көп стволдуу ракета аткычтар жана 20дан ашык жеке аскердик техниканын жок кылынганын билдирди.

Донецк, Харьков жана Херсондо ар башка аймактарда  Украинанын 11  учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрүшкөндөрүн белгилеген Конашенков ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн 68 башкаруу борбору, 172 артиллериялык аткылоо позициясы жана 261 аскердик аймактын өрттөлгөндүгүн белгиледи.

Конашенков : «Согуш башталган 24 - февралдан бери Украинада 192 учак, 130 тик учак, 1150 PUA, 335 абадан коргонуу ракеталык комплекси, 3459 танк жана бронетехника, 489 көп стволдуу ракета аткыч, 1822 гаубица жана миномёт, 3 миң 488 атайын аскердик унаа жок кылынды»,- деди. 

 


 


 



Тектеш кабарлар