НАТО  -  Япония карым  - катнаштары глобалдык коопсуздуктун чегинде бекемделет

НАТО менен Япониянын эки тараптуу кызматташтыгын тереңдетүү максатында генерал Ямадзаки Токиодо НАТОнун Аскердик комитетинин төрагасы адмирал Бауэр менен жолугушту.

1839496
НАТО  -  Япония карым  - катнаштары глобалдык коопсуздуктун чегинде бекемделет

НАТОнун Аскердик комитетинин төрагасы адмирал  Роб Бауэр менен Япониянын башкы штабынын төрагасы,  генерал Ямадзаки Кожи глобалдык коопсуздукка салым кошуу үчүн эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча  макулдашты.

НАТО менен Япониянын эки тараптуу кызматташтыгын тереңдетүү максатында генерал Ямадзаки Токиодо НАТОнун Аскердик комитетинин төрагасы адмирал Бауэр менен жолугушту.

Жолугушууда 24 -  февралдан бери Россиянын Украинадагы кол салууларынын Индо-Тынч океанга тийгизе турган  таасири каралган жолугушууда глобалдык коопсуздуктун колдоого алынышы үчүн өз ара карым  - катнаштардын бекемделиши боюнча макулдашууга барылды. 

Бауэр жолугушууда Россиянын президенти Владмир Путиндин «күч мыйзамы менен мыйзамдын күчүн жок кылууга аракет кылып жатканын» белгилеп, сөз болуп жаткан кризистин Украина жана Европадан да чоң экенин айтты.

Япониянын 30 мүчөлүү аскердик союздаштыктын "Евро  -  Атлантика аймагынан тышкары эң узун мөөнөттүү өнөктөш" экендигине көңүлдөрдү бурган Бауэр ТОкио өкмөтүнүн союздаштыкка кошкон салымын " абдан маанилүү" деп мүнөздөдү.

Жолугушууда "Европа жана Индо  -  Тынч  океандын коопсуздугу ажырагыс" деген генерал Ямадзаки да өлкөсү менен НАТОнун бекемделген кызматташуунун  дүйнөнүн тынчтыгы жана туруктуулугу үчүн баш тартылгыс экендигин белгиледи. 

Аймакта күтүлбөгөн окуяларга каршы Батыш менен координациясын арттырууну пландаган Япониянын премьер-министри Кишида Фумионун айдын аягында Испаниянын борбор шаары Мадридде боло турган НАТО саммитине катыша ала турганы белгиленүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар