Зеленский Запорожьеде болду...
Украинанын президенти Владимир Зеленский жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Запорожьеде фронтто аскерлер менен жолукканын белгиледи.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын Харьков шаарынан кийин Запорожье шаарына барып, фронттогу аскерлер менен жолугушту.
Зеленский жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Запорожьеде фронтто аскерлер менен жолукканын белгилеп: «Сизге чоң эмгегиңиз, кызматыңыз, баарыбызды жана мамлекетибизди коргогонуңуз үчүн рахмат айткым келет»,-деди.
Орусиянын кол салууларында каза болгон украин аскерлери үчүн бир мүнөттүк таазим кылганын белгилеген Зеленский аймактагы медициналык мекемеге да барды.
Орусиянын курчоосунан кийин Мариуполдон эвакуацияланган жарандар менен жолуккан Зеленский, жер которгондорду тийиштүү түрдө жайгаштыруу үчүн чара көрүүнү убада кылып: «Биз бул көйгөйдү чечүүгө чындап жардам беребиз»,-деди.
Украин лидери 29-майда орус армиясынын чабуулдарынан эң көп зыян тарткан Украинанын Харьков шаарына барды жана орус армиясынын Украинага чабуулу башталган 24-февралдан бери биринчи жолу Киев аймагынын сыртына чыкты.